Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кубан Чороев президенттик шайлоодон четтетилеби?

07.12.2020 10:08
506
Кубан Чороев президенттик шайлоодон четтетилеби?

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол тамгаларынын тизмесин кабыл албашы мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева 24.kg агенттигине билдирген.


Анын айтымында, текшерүү учурунда талапкер барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган.


"Мыйзамда кол топтоо талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат деп айтылат. Кол топтоо баракчаларын түзүүгө жана кол топтоого байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын кол коюу баракчаларын даярдагандыгы үчүн акча төлөнгөн күндөн тартып чогултууга болот. 2017-жылы бул норма БШКнын регламентинде камтылып, андан кийин мыйзамга кирген. Анын шайлоо фонду бар болчу, ошондуктан ал акчасын төлөп бериши керек болчу, анткени ал басмаканадан тиешелүү кагаздарды алган. Ал муну 3-декабрда, кол коюу баракчаларын тапшыруунун акыркы күнү гана жасады. Андай талап мыйзамдарда эмне үчүн бар экендиги жалпысынан түшүнүксүз"- деди Джурабаева.


14-декабрды кошо алганда, шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде ага бул жөнүндө билдирүү керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн