Бугу 12, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кубанычбек Конгантиев: Эне тилибиз баарыбызды бир күч, бир улут, бир эл кылып бириктирип келет

22.09.2021 10:48
1211
Кубанычбек Конгантиев: Эне тилибиз баарыбызды бир күч, бир улут, бир эл кылып бириктирип келет

21-сентябрда  жыл сайын майрамдалуучу Мамлекеттик тил майрамы белгиленди. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев билдирди.


"Ар бирибиз кыргыз тилин ар кандай деңгээлде сүйлөйбүз. Бирибиз чечен, нукура тил менен. Бирибиз жөнөкөй, жалпак тил менен. Бирибиз ар аймактын өзгөчөлүгү менен. Айрымдарыбыз, мисалы мага окшоп орус тилдүү чөйрөдө тарбиялангандар - шаардын өзгөчөлүгү менен.


Бирок баарыбыз биздин эне тилибиз кыргыз тил, ата дилибиз Кыргызстан, жүрөгүбүз кыргыз деп согот. Эне тилибиз баарыбызды бир күч, бир улут, бир эл кылып бириктирип келет. Кыргыз тилибиз биздин өзөгүбүз! Эне тилибиз жок, мекенибиз дагы бар болушу мүмкүн эмес. Акыркы учурда Кыргызстанды өзүнүн мекени катары таанып, сүйүп калган көп башка улуттардын өкүлдөрү дагы, кыргыз тилин үйрөнүүгө умтулуп, аракет кылып жатканын байкап жатабыз. Бул жөн эле жакшы көрүнүш болуп эсептелбейт, бул эне тилибиздин акырындык менен өлкөбүз менен бирге өнүгүп, өсүп жаткандыгынын белгиси деп айтсак болот.


Ошондуктан, кыргыз тилин так, даана, таза билгенге аракет жасап, кыргыздын адабий тилин сактап, кийинки муунга дагы байытып өткөрүп берүү ар бир кыргыз деп соккон жүрөктүн ыйык милдети деп ойлойм!",- деп айтылат төраганын куттуктоосунда.


Кыргыз тилибиз кылымдарга сакталуусуна мен дагы тилектешмин, барктайлы, данктайлы, кийинки муундарга таза, так сактап берели. 


Чын дилим менен, Куванычбек Конгантиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн