Жетинин айы 15, 2024
Убакыт: 08:50
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.865
0.895

Кубанычбек Конгантиев: Куру убада бербей, болгон аракетим менен иштейм

02.08.2021 12:43
684
Кубанычбек Конгантиев: Куру убада бербей, болгон аракетим менен иштейм

Куру убада бербей, болгон аракетим менен иштейм. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Кубанычбек Конгантиев билдирди.


"Урматтуу шаар тургундары, кесиптештер жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары!


Мени жана менин талапкерлигимди Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына колдогонуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем! Шаарыбызды жакшы жашоого ыңгайлаштыруу, заманбап талаптарга ылайыктуу кылуу жолунда сиздердин колдооңуздар мага чечкиндүү, жооптуу кадамдарды шилтегенге дем, күч берет.


Бул кызматка келип, тоону томкоруп, шаарыбызды гүлдөтүп, жолдорду мелтиретем деп куру убада бергим келбейт. Биринчиден бул БШКнын түз ыйгарым милдеттерине кирбейт, экинчиден элибиз деле мындай куру сөздөргө ашыгынан тоюп, ишенбей калган учур. Бирок болгон күч-аракетимди, топтогон тажрыйбамды, жаш энергиямды БШКнын ишин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүп, ачык, акыйкаттуу иш алып барууга жумшайм деп бекем айта алам.


Бүгүнкү күндө шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын өкүлчүлүк жана аткаруу органдарын, Мэрия менен БШКнын аракеттерин бириктирип, бир муштум кылып, ырааттуу чечимдерди издеп таап, биримдикте иш алып баруусу манилүү жана натыйжалуу деп ойлойм.


Жаңы шайланып келген БШКнын депутаттарынын курамы абдан сапаттуу болду деп эсептеймин. Себеби арабызда жаш, креативдүү ой жүгүртүүсү менен өзгөчөлөнгөн улан кыздарыбыз бар. Ошол эле учурда тажрыйбалуу, кызуулукка алдырбай, токтоо ой жүгүртүп, эски системалык каталарды кетирбөөгө олуттуу салым кошуп, жаштар менен биргеликте натыйжалуу чечимдерди кабыл алып иш алып барганга кудурети жетчү кесиптештерим бар.


Урматтуу менин шайлоочуларым!


Сиздердин мага болгон ишенимиңиздер, жылуу каалоо-тилектериңиздер биздин шаарыбызды өнүктүрүүгө, заманбап талаптарга жооп бердирип, жашоого ылайыктуу болуусуна жумшап жаткан күч-кубатымдын негизги булагы деп айтмакчымын. Үгүт учурунда сиздер менен чогуу пландаштырып, кыялданып, максат койгонубуздун баардыгын ишке ашырганга чын дилимден аракет кыларымды дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет.


Сиздердин сын пикирлериңиздерди капка салып угуп, кеңешиңиздерге ыраазычылыгымды билдирип, дайыма ачык айкын иштөөгө даяр экендигимди билдиргим келет,"- деп жазды Конгантиев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн