Жогорку Кеңештин депутаты, учурда камакта жаткан Кубанычбек Жумалиевге буга чейин кылмыш иши козголгон. Ал жакында эле жеке клиникалардын биринде дарыланып, кайра тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.
Биздин ишенимдүү булактар Жумалиев мүлктөрүн сатыкка койгонун кабарлады. Алсак, анын жакындары Бишкектин Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан ГОИН соода борборуна кардар издеп жатыптыр. Ошондой эле жер тилкелери сыяктуу башка байлыктары да сатылуу алдында турат дешет. Бул боюнча депутаттын тарапташтарынын пикирин берүүгө даярбыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн