Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кубанычбек Жумалиев Куранды кармап, коррупцияга аралашпагандыгын айтты (видео)

05.05.2020 17:52
1561
Кубанычбек Жумалиев Куранды кармап, коррупцияга аралашпагандыгын айтты (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев ыйык орозо айында ыйык Куран китебин колуна алып,1992-жылдан 2005-жылга чейин мамлекеттик кызматтарда жүрүп бир дагы коррупциялык ишке катышкан эмесмин” деп билдирди экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин айткандарына жооп берип жатып.

Депутаттын айтымында, анын туугандары жардам сурап келгенде интеллектуалдык деңгээли менен идеяларын айтчу. Бирок алар өз эмгеги аркылуу тапкан кирешелери менен иштеп жатышат.

Менин айтаарым, кайсы учурда болбосун таза, так жана эч кимге акаарат келтирбеген адам катары жүрөм. 2005-жылкы окуядан кийин көпчүлүк мамлекеттик жетекчилер качып кеткен. Мен жакшылап анализ кылдым, 13 жыл бою финансылык мүчүлүштүктөргө алып келген эмесмин жана бюджеттен акча жеген эмесмин. Эч кимге жамандык алып келбеген адам катары эч жакка кетпей, көкүрөктү бийик көтөрүп жүрөм. Мусулман катары ыйык куранды кармап туруп айтаарым 2,5 млрд акчам жок. Эгер уяты болсо мындан кийин Сыймык Жапыкеев айтпай жүрсүн, уят болот”, - деп айтты депутат.

Буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын күйөөсү Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 млрд доллар байлыгы бар. Ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн