Теке 01, 2024
Убакыт: 16:00
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Сыймык Жапыкеев кызматынан ашыкча пайдаланып жатабы?

05.11.2020 11:23
3620
Сыймык Жапыкеев кызматынан ашыкча пайдаланып жатабы?


Кубанычбек Жумалиев Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевди сотко берерин маалымдады. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттердин Жумалиевдин мүлктөрүнүн тинтилиши боюнча суроолорго жооп берип жатып  билдирди. 


"Сыймык Жапыкеев кухнясында отуруп алып элге калп айткандын аркасынан кечээ келип мага тиешелүү эмес, менин эжемдердин, туугандарымдын мүлктөрүнүн кийлигишип, беткапчан, мылтыкчан барышыптыр. Алар эмне террорист беле? Бул жерде Жапыкеев түздөн-түз кызматтык абалынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барып жатат. Жапыкеевди сотко берем. Жактоочуларым арызды даярдап жатышат. Бүгүн, эртең сотко кайрылабыз. Мен эч кандай мыйзамсыз байыган эмесмин. Мен илимпоз, билимдүү адам катары эч качан коррупциялык иштерге барган эмесмин", - деп билдирди депутат.


Эске салсак, кечээ Финполициянын өкүлдөрү Жумалиевдин мүлктөрүн тинтүүгө алган эле.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Сагын.
Уурусу күч болсо ээсине тап! Ууру жарылганча жэп, өлөөрчө карганат!!! Мыйзамдаштырып коргонуунун аракети!
Абдижалил
Ош Бишкек жолундагы корупцияны дагы Куран кармап женип бересинби акмак Сенин бир туугандарын сен ПМ болгондон кийин байышса керек озундун тапканын кунумдук эле турмушка жететда коп кууланбай мамлекет ее алгандарынды оордуна кой камальай уаласын