Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевди кайрадан жеңеби?

08.12.2020 12:27
1325
Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевди кайрадан жеңеби?


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Жумалиев менен соттошуп жаткан иши кайра козголуп жатканын өзүнүн социалдык тармакка чыккан түз эфирден айтты.


Жумалиевдин уурусу күчтүү экен. 10 миллион сом айып пул салганы жатышат. Мени кайра отургузабыз деп жатышат. Достор, келгиле баарбыз сотко барып, жооп берели.  Жумалиев жыргап жүрөт, жумасына Акаевге акча жиберип атат.  Финполду бүт багып алыптыр. Бир жакшы кыз бар болчу, анын үйүн тинтип, коркутуп атышып жумуштан кетти. Бизди баарыбызды коркутуп жатышат”,-дейт Сыймык Жапыкеев.


Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин “Чоң казат” кыймылынын өкүлү Сыймык Жапыкеевге карата доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, сот активисттен 10 миң сом өндүрүп алуу чечимин чыгарган.


Мурдагы прокурор Сыймык Жапекеев социалдык тармактарга видео-билдирүү жарыялап, анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 миллиард долларга бааланган жана ал күмөндүү жолдор менен иштеп тапкан деп айткан. Ошондой эле ал башка саясатчыларды алардын мүлкүн кандайча алуу мыйзамдуулугун текшерип көрүүгө үндөгөн видео-билдирүүлөрүн чыгарган.


Кубанычбек Жумалиев бул айыптоолорду четке кагып, шектүү иштерге катыштыгым жок деп Куран кармап ант берген. Ал экс-прокурорго доо арыз менен кайрылган – доо суммасы 10 миллион сомду түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн