Баш оона 22, 2025
Убакыт: 16:55
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Кубанычбек Жумалиев мамлекетке кайсы мүлкүн өткөрүп бергени маалым болду

13.04.2021 12:11
2027
Кубанычбек Жумалиев мамлекетке кайсы мүлкүн өткөрүп бергени маалым болду

Жогорку Кеңештин коррупцияга айыпталган депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сомду акчалай жана мүлк түрүндө  төккөнү белгилүү болду. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.


Белгилүү болгондой, Жумалиев 45 миллион сомду накта акчалай түрүндө төккөн. Калган каражатка Таш-Көмүрдөгү цемент чыгаруучу заводду өткөрүп берген.


"Жумалиев Таш-Көмүрдө цемент чыгаруучу завод курган. Анын бардык эмерек, аппараттары Кытайдан алынып келинген. Завод быйыл ишке кирүүгө даяр. Азыркы кезде заводду мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүү үчүн документтер даярдалууда",- деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн