Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган жаран сот залынан үй камагына чыгарылды

22.12.2020 12:15
643
Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган жаран сот залынан үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган жигит камактан бошотулду. Бул тууралуу журналыиттерге адвокаттын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.


Анын айтымында, кечээ, 21-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Нурдин Ибраимов шектүү сот залынан үй камагына чыгарган.


Биз сөзсүз түрдө бул чечимге каршы даттанабыз жана Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берүүнү прокуратурадан талап кылабыз. Мындай опузалаган адам эркиндикте жүрбөшү керек, анткени ал башка адамдардан акча өндүрүп алууну уланта берет. Анын башка кылмыштарга катыштыгы азырынча тактала элек”. – деди Жумашев.


Белгилей кетсек, 20-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылган деген шек менен жогорку кызмат адамдарынын биринин жардамчысы делген адам кармалган. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш ишин токтоткону үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган.


Бишкек ШИИББи билдиргендей, кармалган 1996-жылы туулган Т.А. Бишкек шаарында апасы менен жашайт, убактылуу иштебейт жана материалдык кыйынчылыктардан улам кылмыш кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн