Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубанычбек Жумалиевдин иши боюнча иликтөө канчалык негиздүү, - Руслан Казакбаев

13.05.2020 15:13
1079
Кубанычбек Жумалиевдин иши боюнча иликтөө канчалык негиздүү, - Руслан Казакбаев


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып, “Чоң казат” кыймылынын саясий чакырыктары боюнча өзүнүн пикирин билдирди.


Казакбаев “Чоң казаттын” билдирүүсү боюнча депутат Кубанычбек Жумалиевдин үстүнөн текшерүүнүн жүрүп баштаганы канчалык негиздүү? Эмне үчүн буга чейин эмес, азыр баштадыңар?”, - деп сурады ал.


Өкмөт башчы буга жооп берип, бардык иликтөө, тергөө иштери объективдүү, мыйзам талаасында болушу керектигин айтты. “Эгерде факты, кагаз жүзүндө аргументтер болсо жана жарандардан кайрылуулар болсо ошонун негизинде иш алып барса болот. Жөн эле чогулуп алып, ар нерсени айта берүү туура эмес. Бардыгы мыйзам алкагында ишке ашат”, - деп айтты Абылгазиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн