Тогуздун айы 03, 2023
Убакыт: 03:36
USD
88.65
88.76
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.920

Кубанычтуу кабар! Бишкекте үч эм төрөлдү

19.09.2023 14:04
121
Кубанычтуу кабар! Бишкекте үч эм төрөлдү


Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү – алардын бардыгы уул.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайлар 36 жумасында кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелер 3 кг 300 грамм, 3 кг 660 грамм, 3 кг 445 грамм салмакта төрөлдү.

Үч эмдин энеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну. Бул 34 жаштагы эненин бешинчи төрөтү.

Бишкек шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Жамиля Марипованын айтымында, ымыркайлардын абалы туруктуу жана аларды үйүнө чыгарууга даярдыктар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн