Баш оона 22, 2025
Убакыт: 08:14
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кубанычтуу кабар! Коргоо министрлигинин кызматкери үч эмдүү болду

16.10.2024 14:53
276
Кубанычтуу кабар! Коргоо министрлигинин кызматкери үч эмдүү болду


Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын 36806 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Мирлан Дастан уулу үч эмдүү болду.

Министрликтен маалымдашкандай, 26 жаштагы Мирлан Дастан уулу 2017-2018 жылдары 36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери аскердик кызматын улантып келет.
Ал 2020-жылы жубайы Алмазбек кызы Нуриза менен баш кошуп, 2021-жылы Аманбай аттуу уулдуу болушкан.

12-октябрда жубайлардын үч перзенти – эки уул, бир кызы жарык дүйнөгө келди. Аларга Асел, Атай, Бакай деген ысымдар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн