Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:25
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кубанычтуу жаңылык... "Тазалыктын" кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга көтөрүлөт

03.03.2021 16:14
2054
Кубанычтуу жаңылык... "Тазалыктын" кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга көтөрүлөт

Март айынан баштап борборду тазалоочулардын эмгек акысы дээрлик 40% көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Ошондой эле, ай сайын, жумуштун жыйынтыгы боюнча, өз убагында жана жогорку сапатта өз ишин аткарып айырмаланган тазалоочуларга эмгек акынын 30% өлчөмүндө стимулдаштыруучу сыйлык берилет.


Кызматкерлерге айлык акыларды жана сыйлык акыларды көтөрүү борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке ашырылууда.


8-марттын алдында "Тазалык" ЖКнын бардык айым кызматкерлери дагы сыйланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн