Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кубатбек Боронов Александр Лукашенко менен жолугушту

18.07.2020 12:57
1088
Кубатбек Боронов Александр Лукашенко менен жолугушту

Премьер-министр Кубатбек Боронов Минск шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Беларусь Республикасынын президенти эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.

Өз кезегинде өкмөт башчы Кыргызстан Беларусия менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин баса көрсөттү.

Жолугушууда Кубатбек Боронов эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүүнүн, товар жүгүртүүнү бир кыйла көбөйтүүнүн, инвестициялык өз ара иштешүүнү өркүндөтүүнүн, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө айрыкча көңүл бурдурду. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн