Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Биринчи вице-премьер-министр кыргыз-өзбек чек арасына чектеш
аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен
жолугушуу өткөрөт.
Ошондой эле Кубатбек Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын
катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт.
“Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү
органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп маалымдашты өкмөттөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн