Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кубатбек Боронов: Эч кимге аёо болбойт

16.04.2020 15:19
996
Кубатбек Боронов: Эч кимге аёо болбойт


СOVID-19 вирусун жуктурган оорулуулар менен контактта болгон жактар боюнча күчөтүлгөн көзөмөл жүрүүдө. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.


Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, үй карантининде 7 537 адам кармалууда, анын ичинде тыгыз контактта болгондор (I категория) – 1 556 адам, башка контактыдагылар (II категория) – 5 981 адам эсептелет. 


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, жер-жерлерде контактта болгон жактардын үй карантини шарттарын кармануусун көзөмөлгө алуу боюнча күчөтүлгөн иш жүргүзүү зарыл. Эч кандай кемчиликтерге жол берилбеши керек. Укук коргоо органдары эч кандай кыймыл, коңшулар жана туугандар менен тышкы карым-катнаштар болбошун такай көзөмөлгө алуусу керек.


Аларга карантинди бузган жана башка жарандарга ооруну жугузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу эскертүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул инфекциянын жайылышынын алдын алууда артыкчылыктуу иш болуп саналат», - деди ал.


Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, тармактык мамлекеттик органдарга өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин, анын ичинде посттордо кызматкерлерди коргонуу кийимдери, ысык тамак менен камсыздоону жөнгө салуу тапшырылды. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкектеги обсервациялык пункттарды даярдоону тездетүү милдеттендирилди.

«Эч кимге аёо болбойт! Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Баарыбыздан суроо-талап өтө чоң, бул өмүр менен өлүм маселеси. Биздин ката кетирүүгө укугубуз жок», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн