Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 07:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулушу менен таанышты

21.08.2020 16:49
864
Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулушу менен таанышты

 

Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча 15 чакырым  жол капиталдык ремонттон өтүүдө. Өкмөт башчы Тоң районун Бөкөнбаев  айылындагы И.Тойчубеков жана Ж.Турусбеков  атындагы көчөлөрдү асфальттоо иштерин көрүп чыкты.


Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул эки көчөнүнүн узундугу 3 чакырымды түзөт. Учурда кум, шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.


Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолууда. Жолдорду асфальттоодо сапатына өзгөчө көңүл буруу керек, - деген Кубатбек Боронов.


Андан соң Өкмөт башчы Тоң районунун Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Кызыл-Туу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу боюнча долбоор менен тааныш
кан. Бул айылдарда таза суу системасы эскиргендигине байланыштуу суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу системасы жок жерлерде жаңыларын орнотуу пландалууда. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн