Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубатбек Боронов Ысык-Көлгө жумушчу сапар менен барат

21.08.2020 10:07
863
Кубатбек Боронов Ысык-Көлгө жумушчу сапар менен барат


Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат.


Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, “Таза суу” долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.


Мындан тышкары премьер-министр Кара-Кол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугушту оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен таанышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн