Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр Калыгул айылындагы мектептин курулушуна капсула салды

12.08.2020 15:54
1032
Премьер-министр Калыгул айылындагы мектептин курулушуна капсула салды

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чүй районунун Калыгул айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган айылдагы эски мектеп 2 окуу корпусунан турат жана 150 окуучулук орунга эсептелген. Учурда мектептин дубалдарында жана шыптарында жаракалар кеткен. Мындан тышкары, мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт.

 

Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик органдар өлкө жарандарынын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоосу зарыл.

 

Региондорду өнүктүрүү биздин ишибиздеги артыкчылыктуу багыт катары саналат. Ушул сыяктуу мектептердин болушу алдыда дагы аткара турган иштер мол экендигинен кабар берет. Аталган мектеп Чүй районундагы эски имараттардын бири, ал эми балдар коңшу айылдардагы мектептерден билим алууга аргасыз болууда. Күз мезгилинин соңунда обьект ишке берилип, балдар жашаган жери боюнча билим алууга шарт түзүлөт деп ишенем, - деген Боронов. 

 

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган обьекттеги курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин жыйынтыктоону тапшырган.

 

Ошондой эле Кубатбек Боронов Кошкоргон айылындагы 350 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышкан, мында курулуш иштери дээрлик аяктап калган. Премьер-министр курулуш иштерин бүткөрүү үчүн тийиштүү каражатты ыкчам тартипте бөлүү тапшырмасын берген.

 

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жергиликтүү калк менен жолугушуп, мектеп белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилээрин убадалаган. Буга катар Кубатбек Боронов айыл жашоочуларын учурда убактылуу бекитилген санитардык талаптарды аткарууга чакырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн