Кубатбек Бороновго Премьер-министр милдетин аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Боронов Кубатбек Айылчыевичке Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр милдетин аткаруу жүктөлгөн.
Ушул эле Жарлык менен Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич берген арызына ылайык, Премьер-министр милдетин аткаруудан бошотулган.
Пикирлер (2)