Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кошумча 400 орун даярдалууда, бирок дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп турат

11.07.2020 14:29
930
Кошумча 400 орун даярдалууда, бирок дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп турат


 

Республикалык жана шаардык маанидеги 25 медициналык мекеменин эмгек өргүүдө жүргөн медициналык кызматкерлерин ишке чакыртууну тездетүү зарыл. Мындай тапшырманы медицина мекемелеринин жетекчилери менен онлайн режимде өткөн кеңешмеде премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчыга саламаттык сактоо мекемелеринде бүгүнкү күнү иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин саны боюнча маалымат берилди.

«Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400дөн ашуун кошумча орун даярдоонун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бирок медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси курч турат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартып жатабыз. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Аларды ишке чакыртуу кажет. Бул өтө зарыл. Ден соолугуна жана жаш курагына карап аралыктан иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен тышкары эмгек өргүүдө жүргөн бардык медициналык персонал ишке чыгарылсын», - деп белгиледи өкмөт башчы. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов эмгек өргүүдөн чакыртылган медкызматкерлерди бейтаптардын саны көптүгүнө байланыштуу жаңы ачылган стационарларга бөлүштүрүүнү тапшырды. 

«Ар бирибиз эс алышыбыз керектигин түшүнүп турам. Бирок эмгек өргүүдө жүргөн медкызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турган кесиптештерине тилектештик көрсөтүшү зарыл. Алардын эмгек акысы тиешелүү түрдө берилет. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы жана өмүрү үчүн күрөштө бардык күч-аракетибизди жасап, кадимки жашоого кайтуу үчүн азыркы кыйынчылыктарды жеңүүгө тийишпиз», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айтунук Ашырбек кызы
Мен жумушка барайын дегем... Бирок кайсыл жагына кайрылам... Азыркы учурда Бишкектемин
Айзат
Рабочий график: с 8 утра до 20 часов вечера. Подробная информация: 0770 939 993 Виктория, 0500 848 848 Тансуу. Ушуга чалсаныз