Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кубатбек Боронов иш-сапары менен Ошко барды (сүрөт)

25.07.2020 20:09
754
Кубатбек Боронов иш-сапары менен Ошко барды (сүрөт)


Медицина кызматкерлери жана волонтерлор – учурдун мыкты каармандары. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында күндүзгү стационарлардын иши менен таанышкан учурда билдирген.


Маалыматка ылайык, премьер-министр күндүзгү жана түнкү стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.


“Медицина кызматкерлери жана волонтерлор – учурдун мыкты каармандары, алар бийик адамдык сапатты көрсөтүп, жалпыбызга үлгү болууда. Калкыбыз сиздердин ак ниеттик менен аткарып жаткан ишиңиздерге жана кайратыңыздарга күбө болуп, сыймыктанууда”, - деген Боронов.


Билдирүүгө таянсак, Ош шаарында коронавирус инфекциясына чалдыккандарды жана өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда 1200 орун даярдалган, ал эми күндүзгү жана түнкү стационарларда 220 керебет бар. Мындан тышкары калаа боюнча өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 40, кычкылтек концентраторунан 330 даанасы бар.


Ошондой эле өкмөт башчы Россиядан Кыргызстанга келип, учурда Ош шаарында иш алып барып жаткан медицина кызматкерлери менен жолуккан.


Эпидемиологиялык абал курч болуп турган учурда кол сунуп, жардамга келгениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңерибизге ишенем, - деген Кубатбек Боронов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн