Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:51
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кубатбек Боронов: Өкмөттүн милдети - экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу

17.06.2020 13:24
1134
Кубатбек Боронов: Өкмөттүн милдети - экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу


Өкмөттүн ишиндеги негизги артыкчылык – COVID-19 илдетине байланыштуу жаралган экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, экономикалык кайра түзүүлөр ИДПнын жыл сайын өсүү темпинин 4%дан кем эмес камсыздоо болчу. Өкмөт 2019-жылдын жыйынтыгы менен аны 4,5%га аткарды. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүк басаңдады. Май айынын жарымына чейин экономикалык кыймыл токтоду. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаал күч алганга чейин өлкөнүн экономикалык болжолдорун эсептеп чыккан. Анда болжол менен ИДПнын көлөмү 5,3%га чейин кыскарат деп болжолдонгон.



2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 186,3 млрд сомду түзүп, 4,8%га кыскарды. Кумтөр кенин кошпой алганда, бул көрсөткүч 6,4%га азайды. Түз эле айтышым керек, менин максатым – экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын төмөндөөсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпөөсүн камсыз кылуу», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн