Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кубатбек Боронов өкмөт башчы катары биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү (фото)

18.06.2020 09:14
1048
Кубатбек Боронов өкмөт башчы катары биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү (фото)

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов вице-премьер-министрлердин жана өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кыхматы билдирди.


Кубатбек Боронов өкмөттүн иши өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган системалуу өзгөрүүлөрдү улантууга багытталат деп белгиледи. 

 

Премьер-министр өкмөттүн ишинин 11 артыкчылыктуу багыты бар экенин айтты.


«Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатына басым жасоо жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарыл. Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бир катар маанилүү милдеттерди аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Биздин милдет – канча иштей турганыбызды ойлонуп отурбастан, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Кандайдыр бир кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ар бир жетекчинин милдети – орун алган маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү, күн сайын жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө болуп саналат», – деди Кубатбек Боронов. 


Ал вице-премьер-министрлердин жана өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери астында өкмөттүн негизги артыкчылыктары жана анын ишинин принциптери катары чечим кабыл алуудагы ачык-айкындуулукту белгиледи.


Премьер-министр ошондой эле өкмөт Аппаратынын мамлекеттик органдардын ишин координациялоодо жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Өкмөт башчы күнүмдүк иш алып барууда коомдун пикирин эске алуунун жана президенттин, Жогорку Кеңештин аппараты менен тыгыз өз-ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн