Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 11-декабрда маалымат булактары жазып чыгышты.
3-декабрда экс-премьер ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Ага коронавирус диагнозу коюлган. Аны менен кошо аялы жана балдары да ооруканага жаткырылган.
Ал өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан бери жетектеп, октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен. Ал ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабды жетектеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн