Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кубатбек Боронов посттордогу кирип чыгууларга катуу көзөмөл жүргүзүнү тапшырды

27.03.2020 15:21
741
Кубатбек Боронов посттордогу кирип чыгууларга катуу көзөмөл жүргүзүнү тапшырды


Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында посттордогу кирип чыгууларга катуу көзөмөл жүргүзүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал киргизилген аймактарга дары-дармектер убагында жөнөтүлүшү керектигин белгилеген. 


Посттордо иштеп жаткандардын бардыгы жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалышы керектигин дагы бир жолу эскертем. Кирүүгө жана чыгууга катуу көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Жарандардын жана унаалардын, баарынан биринчи дары-дармек жана азык-түлүк ташыгандардын бардык кыймылы жөнгө салынышы шарт. Аймактарга антисептиктер, тест-системалар,   дары-дармектер жетиштүү көлөмдө жана өз убагында жөнөтүлүшү зарыл. Коронавирус катталган жерлерде жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тарабынан үй карантинине көзөмөл күчөтүлүп, калктын ар кандай кыймыл-аракети чектелиши кажет, - деди Кубатбек Боронов.


Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, анын ичинде жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо максаттарында киргизилген чектөөлөрдү бузуулар боюнча мыйзамдарды күчөтүүнү тапшырды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн