Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кубатбек Боронов тартип сакчыларын сындады

05.05.2020 16:24
1026
Кубатбек Боронов тартип сакчыларын сындады


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында тартип сакчыларына карата сын айтты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.


Ал учурда айрым шаарлар менен бир райондо өзгөчө абал режими күчүндө экенин, ошондой эле транспорттун жана элдин кыймылына чектөө киргизилгенин баса белгиледи.
 

«Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду жана бардыгы негиздүү себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди билдирбейт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоого катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.
 

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн