Кубатбек Боронов ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минскке учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти.
Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар.
Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.
Кеңештин алкагында Өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн