Кыргыздын ак калпагы менен байрагы "Эверестти" багындырды. Мындай пикирин "Эверест" чокусун багындырган Эдуард Кубатов билдирди.
"23-май эртең мененки 8:35де мен жашоого эң чоң эрдик жасадым. Кыргызстандын желеги менен ак калпагы дүйнөнүн эң бийик чокусу "Эверестти" багындырды. Бул эрдикти өлкөбүз үчүн арнадым. Мен физикалык жактан кыйналганыма карабастан элибиз үчүн чокуга чыктым. Баарыңыздарды жакшы көрөм",- деп билдирүү калтырган Кубатов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн