Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Күч кызматкерлери кошумча акыларын дагы канча күтөт?

26.06.2020 15:45
1135
Күч кызматкерлери кошумча акыларын дагы канча күтөт?


Ушул жылдын 25-мартынан 10-майга чейин өлкөбүздүн айрым аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларында дагы) өзгөчө абал режими орноп турду. Мындай режим абалында күнү-түнү иштеген ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине мыйзам боюнча кошумча акы төлөнүп берилиши керек эле. Бирок, тилекке каршы ушул күнгө чейин күч кызматкерлери убада кылынган компенсацияны колдоруна ала албай келишет. 


Албетте, бюджеттин тартыштыгы деген маселе бар. Анын үстүнө коронавирус пандемиясы өлөсөлүү экономикабызды ого беш бетер чүнчүтүп да жиберди. Андыктан берилген убаданын аткарылышынын создуктурулуп жатканын башында түшүнүүгө мүмкүн эле. Бирок, ал маселени чечүүнүн жолун издегенче, оңой кутулуу үчүн үлкөн кызматтагы чиновниктердин жалган айтып чыкканы коомчулукту бир топ нааразы кылды. 


Апрель айынын аягында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Милиционерлер өздөрү кошумча акы алуудан баш тартып жатышат» деп билдирди. Мындай маалыматка ишенер-коерубузду билбей бир топко дендароо боло түштүк. Кантип эле? Же милиция кызматкерлери кошумча акыдан баш тарта тургандай деңгээлде айлык акы ала башташты беле? Же «ансыз да араңжан өлкө экономикасына салым кошолу» дешкенби? Абылгазиев милиция кызматкерлери эмне себептен компенсациядан баш тартып жатышканы тууралуу эч нерсе айткан жок. Болгону баш тартууга карабастан кошумча акыны төлөп беребиз деп кошумчалады. 


Экс-премьердин ошондогу айткан сөзү эл өкүлдөрүн да нааразы кылды. «Коронавирус Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген министрлер кабинетинин алсыздыгын жана чечкинсиздигин, анын жетекчилеринин кабыл алынган чечимдерге жоопкерчилик алууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү», - деди депутат Н. Никитенко. Ошондой эле ал медиктерге, мугалимдерге УКМК тарабынан басымдар болуп жатканы жалган деген Башкы прокуратуранын позициясын да сынга алган. 


Негизи өзгөчө абал режиминде иштеген иштеген күч кызматкерлерине кошумча кепилдиктер жана компенсациялар боюнча жободо айлык акыны төлөө аскердик кызматтар жана чиндер боюнча үч эсе көп өлчөмдө төлөнө турганы айтылган. Ошол эле документте аскер кызматкерлерине өзгөчө абал жана куралдуу конфликт шартында бериле турган тапшырмаларды аткаруу фактысын өкмөт беките турганы да жазылган. 


М. Абылгазиевдин жогорудагы жалган билдирүүсү жана «ана-мына берилет» деген убадасы ансыз да арзыбаган айлык акы алып иштеген күч кызматкерлеринин да нааразычылыгын күчөттү. Карантин маалында күнү-түнү үй бетин көрбөй иштеген эмгектеринин акыбети кайтып, татыктуу айлык акы алабыз деген үмүттөрү акырындык менен үзүлө баштады. Ошондон улам июнь айында аймактык милиционерлер жумушка чыкпай, бийликке бойкот жарыялоо аракетин жасап көрүштү. Бирок, кайра бат эле бул демилгелеринен баш тартышты, себеби андай аракет менен максаттарына жетпей тургандыктарын түшүнүштү. Тескерисинче кандайдыр бир жоопкерчиликти моюндарына илип алуу тобокелчиликтери бар эле. 


Акыркы маалыматтарга караганда республикабыздын милиция кызматкерлери кошумча бир айлык акыны эмгек акылары менен чогуу алышууда. Эми дагы эки оклад берилиши керек. Кошумча акы алышы керек делген милиция кызматкерлери жана аскер кызматкерлеринин тизмеси финансы министрлигине багытталган. Эми аны төлөп берүү гана калды. 


Жакында эле премьер-министрлик кызматка келген Кубатбек Боронов милиция кызматкерлерине төлөнө турган кошумча эмгек акыларды толугу менен төлөп берүү боюнча буйрукка кол койду. Анын айтымында ал үчүн бюджеттен 430 миллион сом бөлүндү. Эми генерал Бороновдун кол койгон буйругу канчалык ыкчам ишке аша турганын көрө жатарбыз. Эгер ал кагаз жүзүндө эле кала берсе, анда бул өкмөттүн да ишти эффективдүү жөндөп кетеринен күмөн саноолор башталат.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн