Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Камчыбек Ташиев кечирим тууралуу билдирүү жарыялады

10.01.2023 08:40
1459
Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Камчыбек Ташиев кечирим тууралуу билдирүү жарыялады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына кечирим тууралуу билдирүү жарыялады.


Ташиевдин билдирүүсү кимге карата айтылганы белгисиз. 


“Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик бүт баарын.. Биз да башкалардай эле жөн жай бир инсанбыз. А эмнеге кечире албайсың, сен эмне Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Сен эмес, а түгүл Кудай кечирип атпайбы, кимсиң деги сен? Сен болгону 8 миллиард адамдын ичинен бирөөсүсүң, алың ушул. Кудайдан да бийик, Кудайдан мыкты болуп кетпейсиң да!!! Күндөрдүн бир күнүндө жөн эле бир көптүн бири болуп, жөн эле адам болуп о дүйнөгө узап, бул опаасыз дүнүйөнү таштап кете беребиз...”, - деп билдирүү калтырган УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн