Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 13:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кудайдан корккула. Президент шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондорго кайрылуу жасады

29.11.2021 00:33
2091
Кудайдан корккула. Президент шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондорго кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан тараптарга кайрылуу жасады.


Президенттин айтымында, БШК тарабынан мүчүлүштүк кеткен болсо, толук жооп берет.


"Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде "сбой" болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула",- деп билдирүү калтырган президент.



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Азамат
Саламатсызбы шайлоо сайын нааразычылык кайра шайлоонун кереги жок
Таалайбек Насиров
Бийликти куноолой албаймын,БШК жана анын техникалык каражаттары Жана техниканы тейлегендер куноосу жок деп айта албаймын.
Шайлоо таза өттү баягы эле чыдабастар булардын дагы жоопкерчилигин караш керек себеби элге туура эмес жыйынтык бергени үчүн.
Шайлоо таза өттү баягылар эле чыдабастар элди дүрбөткөндөр
Айка
Мен бийликти күнөлүү дебейм, бирок эл шайлоого даяр эмес экенин көрдүк, катышуу кээ бир участкада 30%аран түздү, айтайын дегеним, калган элдин добушу бийликке керек эмесби? Же 30% менен эле шайлоо өткөрсө болсо , эмки шайлоодо 15% эл катышат, ошентип отуруп шайлоо өткөрбөй коёлу деп калабызбы.....