Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Кухнядан" эмнелерди айтсам дээрлик баардыгы эле аткарылды. Сыймык Жапыкеевдин отчету

12.03.2021 08:12
792
"Кухнядан" эмнелерди айтсам дээрлик баардыгы эле аткарылды. Сыймык Жапыкеевдин отчету

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жоюлганга чейин аны жетектеп турган Сыймык Жапыкеев иштеген мөөнөтүндө жасаган иштери боюнча отчет берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Досторго ишмердүүлүгүм жөнүндө кыскача отчёт:

16 Октябрь 2020 Финполго төрага катары дайындалдым, Финполдо өтө мыкты адистер жок эмес экен. Биринчи талабым инвесторлордун укугун коргоо, жана обу жок текшерүүнү токтоттук. Кадрдык буйрук боюнча: Ким кайсы кызматка барбасын таза ачык дайындалышты. Бүт кадрлар эмгек тажыйырбасына жараша болду, коюлду.(без вознаграждение). Бир долларда ойногон жок.

Акыркы төрт айда Финпол мыйзамдуу жол менен 800 млн. сомдон ашык нак, банк аркылуу келтирилген мамлекетке зыян өндүрүлдү. Көп иштер боюнча соттук-бухгалтериялык экспертизаларынын корутундуларын күтүп калдык, кап жетишпей калдык...

Финпол баарына кирише албайт, экономикалык кылмыштардын бетин ачат жана тергейт. Коррупциялык кылмыштардын бетин ачат элек, бирок коррупциялык кылмыштарды Башкы прокурордун уруксаты аркылуу эле тергейт элек, Башкы прокурорго рахмат, бир да жолу баш тарткан жок. Ар дайым жол көрсөтүп болгон колдоосун мыйзамдуу кылды. Мыйзам боюнча Башкы Прокурор иштин ээси болуп саналат. Мейли УКМК тергесин, канча депутат, канча чоң рангдагы коррупцияга шектелгендер кармалсын, баарын Башкы Прокурор чечет. А УКМК азамат, депутат,  министрге карабай чечкиндүү иштерди жасашты жана алдыда жасашат.

Мен мурун "Кухнядан" эмнелерди айтсам дээрлик баардыгы эле аткарылды. Финпол Жумалиевди процессуалдык жактан жоопко тарталбасакта балдарын кармадык, бирок, тилеке каршы, соттон чыгып кетти. Колдон келишинче иштештик. Достор силердин алдыңарда жүзүм таза болсун дедим.

Мени ичип жеп кетти дегендерге айтар элем, же коркутуу жолу менен акча опузаласам айтышсын. Фейсбук турат. Же мыйзамсыз иш козготуп пара талап кылган болсом айтышсын, жөн эле каралоонун чеги болот туугандар.

А Финполдун кызматкерлерине чоң рахмат, көрсөңөр сыйлап жүрүүгө татыктуу кызматкерлери көп экен, "Супер"!!!

Финполдун бирда офицери менен кадр маселеси боюнча соттошкон жокпуз. Ким жумуштан кетсе кетишти. Эч ким мени сотко берген жок, - деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кемелбек джуманазаров.
Сизге ардайым ийгилик каалайм АК ийилет бирок сынбайт чининиз Кут болсун ардайым ийгилик коштоп чындыктын устундо болунуз.