Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:15
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кулак-мурду кесилген Аселге мурунку күйөөсү абактан кат жазгандыгы териштирилди

19.12.2023 13:00
364
Кулак-мурду кесилген Аселге мурунку күйөөсү абактан кат жазгандыгы териштирилди


Кулак-мурду кесилген Аселге кат жазып тынчын алган мурунку күйөөсүнө телефонду чарба иштерин аткарган А.Б. аттуу жазасын өтөп жүргөн адам берген. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы териштирүүнүн жыйынтыгы чыккан соң билдирди.


Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагында тинтүү жүргөнүн, натыйжада айыпталуучуга таандык уюлдук телефон табылганын билдирди.


"Айыпталуучуга телефонду чарба иштерин аткарып жазасын өтөп жүргөн А.Б. аттуу адам берген. Ага СИЗОнун дубалынан ыргытышкан. Азыр экөө тең айып изоляторуна киргизилди", — деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, жабыркаган келиндин сиңдиси соцтармак аркылуу Аселдин мурунку күйөөсү кат жазып жатканын кабарлаган. Билдирүүлөрдө айыпталуучу намаз окуй баштаганын, "жерде да, асманда да" Асел экөө чогуу болорун айткан. Мындан тышкары, ал жаза мөөнөтү түбөлүк эмес экенин эскерткен. Аселдин эжеси туугандар анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылып жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн