Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кулактандыруу! «Алыш» белбоо күрөшү тууралуу мыкты чагылдырган материалга сынак жарыяланды

19.07.2023 09:44
1255
Кулактандыруу! «Алыш» белбоо күрөшү тууралуу мыкты чагылдырган материалга сынак жарыяланды


«Алыш» белбоо күрөшү боюнча Улуттук Федерация жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти белбоо күрөшү тууралуу мыкты чагылдырган материалга сынак жарыялайт.

Сынактын негизги максаты– “Алыш” күрөшүнүн келип чыгышын жана спорт түрү катары жайылтуу жана даңазалоо болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо тууралуу маалымат Дене тарбия жана спорт департаментинин социалдык түйүндөгү баракчасына (Instagram, Facebook, Telegram) жайгаштырылат.

Сынак 2023-жылдын 18-июнунан 18-августуна чейин өткөрүлөт

Сынакка басылмалар, телевизиондук жана радио берүүлөр, сюжеттер кабыл алынат. Негизги маңызы "Алыш" күрөшүнүн келип чыккан тарыхы жана өнүгүүсү жөнүндө болуусу зарыл.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт.


Сынакка материалдарды жеке журналисттер менен катар, гезиттердин редколлегиялары жана теле, радио компаниялар, блогерлер, жаш кореспонденттер жиберүүгө укуктуу.


Сынакка келген материалдарга, анын автору тууралуу төмөндөгү маалыматтар тиркелүүгө тийиш: аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, байланыш телефону.


Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат, алар:
1-орун – ноутбук;
2-орун – планшет;
3-орун – мобилдик телефон;
4-5 орун – спорттук кийим.


Мыкты материалдар Дене тарбия жана спорт департаментинин баракчасына жайгаштырылат.


Сынакка катышуу үчүн материалдар төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Тоголок Молдо көч. 17, 0(702) 25-25-52 e-mail: [email protected]


Сынакка жиберилген материалдар рецензияланбайт жана кайтарылбайт. Жиберилген материалдар Департаменттин менчиги болуп саналат жана жайылтууда автордун уруксааты керектелбейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн