Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кулактандыруу! Министрлик "Акылман" президенттик лицейине мугалимдерди издейт

21.08.2023 14:26
267
Кулактандыруу! Министрлик "Акылман" президенттик лицейине мугалимдерди издейт


"Акылман" президенттик лицейинин кыргыз класстары үчүн орус тили жана адабияты, география, технология, музыка, дене тарбия, МКТ мугалимдери, китепканачы жана психолог талап кылынат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бош орундарга талапкер катары сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 24-августу саат 17:00го чейин [email protected] электрондук дареги аркылуу төмөндөгү документтерди жөнөтүү керек:

- диплом;
- эмгек китепчеси;
- резюме;
- медициналык китепче.

Тандалып алынган талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүлөт, андан соң талапкерлер комиссиянын баалоосу үчүн "ачык сабак" сунуштоосу тийиш. Сурап ​​билүү телефону: 0702250677.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн