Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кулов: Конституция кабыл алынгандан кийин кайрадан президенттик шайлоо өтөт

11.01.2021 13:26
1667
Кулов: Конституция кабыл алынгандан кийин кайрадан президенттик шайлоо өтөт

Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кайрадан президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов билдирди.


Анын айтымында, жаңы Конституция боюнча президент бир убакта мамлекетти жана аткаруу бийлиги башкарып калат. Азыр президенттин өкмөттүн ишине кийлигишүүгө ыйгарым укугу жок.

«Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө кеңейтиле албайт. Демек ал кайра шайланышы керек.

Садыр Жапаров билдиргендей, парламенттин жарымы бир мандаттуу шайлоо системасы менен, жарымы партиялык тизме менен шайланарын айтты. Азырынча имиш катары Жогорку Кеңеш 90 депутатка чейин кыскарат деп айтылууда. Демек партиялык тизме менен 45 депутат шайланат, ага байланыштуу Жогорку Кеңешке эң көп 2 партия өтөт жана алар бийликчил болот. Ал эми бир мандаттуу шайлоо системасы менен шайланган 45 депутат негизинен олигархтар болот.

Жалпылап айтканда, бул эми «чимкирик» эмес, «кустурган» парламент болот. Демек бийлик институттарына болгон ишенбөөчүлүк дагы да өсөт.

Муну менен бизди май айында (бул датаны кечээ Жапаров маалымат жыйында айтты) парламенттик шайлоо жана андан кийин президенттик шайлоо күтөт. Бирок анын алдында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүш керек.

Чынын айтканда эгерде Конституциядагы өзгөрүүлөр 3-бөлүмдөн 8-бөлүмгө чейин болсо, референдумду өткөрбөй койсо деле болот, себеби негизги мыйзамдын 114-беренесине ылайык, бул учурда жалпы элдик добуш берүү өткөрүлбөйт. Өзгөртүүлөрдү депутаттар өздөрү кабыл ала алышат.

Бир сөз менен айтканда, бул жылды шайлоо жана ага байланыштуу ар кандай маселелердин жылы деп атоого болот», - деп жазган Кулов


Булак: barakelde.org

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн