Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында өтчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи Консультативдик жолугушуусун даярдоо максатында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, жыйын эртең, 14-сентябрга белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн