Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Кулубаев Нью-Йоркто “Келечек саммитинин” алкагында өтүп жаткан интерактивдүү диалогго катышты

23.09.2024 11:30
20
Кулубаев Нью-Йоркто “Келечек саммитинин” алкагында өтүп жаткан интерактивдүү диалогго катышты


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында "Келечек саммити" иш-чарасынын алкагында өтүп жаткан "Эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун таламдарында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо" интерактивдүү диалогуна катышты.

ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев дүйнөлүк коомчулукту эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча көп тараптуу диалогго жана кызматташууга чакырды.

Ошондой эле ТИМ башчысы жолугушуунун катышуучуларын тоолорду туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү жана коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелери менен тааныштырды.

Жээнбек Кулубаев ошондой эле БУУга мүчө-мамлекеттерди 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн