Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 12:33
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

06.07.2024 18:34
232
Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын Шуша шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери жана ТМУнун байкоочулары Уюмдун алкагында транспорттук өз ара аракеттенүү жана климат маселелерине арналган алдыдагы саммиттин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Тоо диалогун жыл сайын өтүүчү БУУнун КӨАК иш-чарасы катары илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштөрдү Кыргызстандын бул демилгесин колдоого чакырды.

Ал ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, транспорттук-логистикалык байланыштар тармагындагы кызматташуу, заманбап санариптик инструменттерди колдонуу аркылуу транспорттук жана транзиттик жол-жоболорду жеңилдетүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын аягында тышкы иштер министрлери Мамлекет башчыларынын кеңешинин кол коюусуна сунушталган документтердин долбоорлорун, анын ичинде Карабак декларациясын жактырышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн