Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

26.07.2023 14:40
340
Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар 2023-жылы өтүүчү ТМУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын жана саммитин даярдоону, ошондой эле уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде ТМУ мүчө-мамлекеттеринин экономика, транспорт, энергетика тармагындагы кызматташуусун талкуулады.

Кубанычбек Өмүралиев Жээнбек Кулубаев уюмдун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, ошондой эле ТМУнун алдыдагы мезгилге иш пландары тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын профилдик мамлекеттик органдарынын тиешелүү маселелерди алдыга жылдыруу алкагында ТМУнун ишине катышуу боюнча жигердүү ишинин маанилүүлүгү өзүнчө белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн тышкы саясий ведомствосу менен ТМУ катчылыгынын ортосунда мындан аркы тыгыз байланыштарды улантууга макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн