Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кумар оюндарынын баарын бир жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

25.01.2024 17:34
219
Кумар оюндарынын баарын бир жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды


Оюн автоматтарын, букмекердик контора жана тотализаторлордун баарын бир жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөттү.


Мыйзам күчүнө кирсе аталган кумар оюндары казионун ичинде гана иштетиле турган болот. Аны өз алдынча уюштура алышпайт.


Депутат Дастан Бекешев бул демилге казино ээлеринин монополиясына алып келерин айтып, сындады.


"Букмекердик контора, тотализатор, оюн автоматтарын иштеткендер казиного барып кеңсесин ижарага алат. Силер казиночуну ижарадан акча табууга шарт түзүп жатасыңар. Анан да мамлекеттин эмес, казиночунун көзүн карап калышат. Силер тынбай эле оюн эрежесин өзгөртө берсеңер кайсы инвестор ишенет? Казино ачып пайда таба албай калгандарга кошумча киреше булагын киргизип берип жатасыңар", — деди Бекешев.


Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров мындай кадам көзөмөлдү күчөтүү жана Кыргызстандын жарандары кирип кетишине жол бербөө максатында жасалып жатканын айтты.


Натыйжада 57 депутат макулдугун билдирип, 9у каршы болуу менен мыйзам колдоо тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн