Кумшекер жана майга болгон баа арзандайт. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, август айынын соңунда кошумча нарк салыгысыз 40 миң тонна кумшекер келет.
"Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен 60%ы өлкөдө кайра иштетилип чыгат. 40 миң тоннанын келиши биздин керектөөчүлөргө олуттуу таасир этет. Жетишсиздик болбойт, нөл ставкасын эске алуу менен баасы төмөндөшү керек",-деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн