"Кайыңды-Кант заводу" кумшекерге дүң бааны 54 сом катары бекитти. Бул тууралуу 18-мартта Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.
«Кант кызылчасын кайра иштетүүчү негизги завод "Кайыңды-Кант заводу" Кыргызстандагы ири соода түйүндөрү менен келишим түзүп, кумшекердин дүң баасын 54 сом кылып бекитти. Чекене баасы аймакта 56 сомго бекитилди», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн