Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

“Кумтөр” - бул "эргулдардын" алкым экономикасынын локомотиви

02.06.2020 12:10
1094
“Кумтөр” - бул "эргулдардын" алкым экономикасынын локомотиви

 Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жолдору акыркы 10 жылда дээрлик 80 пайызы жаңы асфальт төшөлбөгөнү көрүнүп эле турат. “Кумтөр” кенин казганыбызга канча жыл болду? 30 жылга чукулдап баратат. Ошол аралыкта "Кумтөр” Кыргызстандын экономикасынын локомотиви" - деп келатабыз. Бирок, жолдорду көрүп туруп, антип айтууга ооз барбайт. Кыргызстандын көзгө басаар жалгыз туристик аймагы, бермети Ысык-Көлдүн жолдорунун кебетеси ушул болсо, “Кумтөр” - бул "эргулдардын" эле алкым экономикасынын локомотиви болуп жаткан экен. Факт бул жолдор.


Балыкчыдан айланып Тоң тарапка бурулгандан баштап, жолдорунун кейпи кеткени аз келгенсип, талаалардагы муссорлордун жер жайнаганы жан кейитет. Кайсыл турист сагынып кайра ошол жерге келет? Бир да жерде муссор таштоочу челектер жок. Эс алып олтуруучу жайларды бери коелу, атайын бир ажаткана ачып кое албаптыр. Эми, эмнеси болсо да коноктор көп келчү аймак эмеспи...


Ооба, элдин жашоосунда акырын жылыштар болгону байкалат. "Алтын өрүктүн" акыбети го. Аны ала чокул салынган кооз үйлөр, айланта тосулган кызыл-сары пескоблок тосмолор, бийик дарбазалар, жепирейген павильион магазиндер ачык эле көрсөтүп турат. Туристик зона болууга далалаты күч болгон. Ар жерге курулган атайын конок күтүүчү кооз котедждер турат. Туристер дээрлик аз келгендиктен, көбүн кара кулпу кайтарып кала берген. Жок, жок карантин абалдан улам эмес. Качанкы кара кулпулар экен. Алды таланып-тонолуп да кеткен.


Башкасын коелу, ишкер Керексизов салган "Аалам Ордонун" деле абалы адам ыйлаарлык. Сынынан кеткени, сыртынан караганда эле көрүнүп турат. Жакшы жасалгалардын боектору өчүп, көп жерлери урап түшүптүр. Кайран мээнет.


Эгер, ошол аймакка бара турган жолдор алдемедей жасалып, жакшы шарттар жолго коюлса, туристердин табитине шайкеш жаңычылдыктар жасалса, элге эле эмес, мамлекет үчүн да бир топ пайдалар болмок. Тилеке каршы, мамлекет ал аймакты Керексизовго ишенип эле, керексиз таштап койгондой. Керексизов "Аалам Ордосун" салабы же жол курабы? Ал анын иши эмес болчу. Ишкерчиликке шарт түзүп берүү же кыянаттык кылуу деген ушул эле жерлерден байкалат.


Жылына “Кумтөрдөн” Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 600 миллиондон ашык акча которулат. Башка колдоолору да бар. Мамлекеттин эсебинен да кетет. Анан ошол “Кумтөрдүн” биринчи запкыларын көрүп жаткан аймакты биринчи болуп оңдоп, "алтындан азап тартпай, жыргап жатат, өнүгүп баратат" дегенчелик кылбай, такыр эле таштап койгону адамдын жанын кейитет.


"Алтындан жыргасак, ушул Ыссык-Көлдүктөр жыргайт эле"-деген ой, аргасыз мээңе кылтыят. Туура, алтын казып эле ал аймакка берип жаткан жок. Бүтүн республикага жумшалууда. Ошентсе да ал аймак биринчи колдоолордун көз жаздымында калбашы керек эле. Ушул учурда Ыссык-Көл облусунан Кыргызстандын экономикасына олуттуу салымын салып, Азияны коелу биздин аймакта атагы чыккан кайсыл өндүрүшү бар? Экспортко эмне чыгарып жатат? Беш жылдыздуу бир мейманкана сылындыбы? Фонддун короткон акчаларын, ачкан обоьектилерин карап көргүлөчү. Эртең элге бир сом кайтарым берүүчү өндүрүштөр курулдубу? Соц, маданий, спорт тармактары да маанилүү. Бирок, биз экономиканы да көтөрүп, өмүр бою Кумтөр бакчу түшүнүктөн чыгышыбыз керек да. Ачык айтканда, акчаны акырын бөлүп чыгып, бөлө тартып, тендер деген "тентек" иштер аркылуу эптеп бүтүрүп берме, жоопкерчилигинен тез кутулган тармактарга жумшай бергенбиз.


Жолдордун ушул кейипке келгенине "Центера Голд" ишканасынын техникаларынын кесепети да чоң болсо керек. Балыкчыдан Барскоонго чейин зыңгыраган жол салып берип коюш, алар үчүн түккө турбайт болчу. Тилекке каршы, биздикилерди минип алышкан...


Күнболот Момоконов, журналист


 

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн