Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кумтөр: Аскар Акаев "таптаза" болуп чыкты. Акаев жана жакындары Кумтөрдөн акча алган эмес

20.12.2021 11:54
1542
Кумтөр: Аскар Акаев "таптаза" болуп чыкты. Акаев жана жакындары Кумтөрдөн акча алган эмес

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу 24.кг агенттигине Бекболот Талгарбеков билдирди.


Маалыматта айтылгандай, мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алынып салынды. Акаевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, анын жакындары да «Кумтөрдөн»  акча алышпаганы аныкталган.


«Аскар Аскаревдин Centerra Gold Inc. компаниясында бир дагы үлүшү жок. 2003-жылы өкмөт «Центерраны» түзүү чечимин кабыл алган. Макулдашууну мамлекеттик комиссия даярдап, анын курамына “Кыргызалтын” ишканасы, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү, анын ичинде Акылбек Жапаров кирген. Өкмөт жаңы эле келишимди жактырды. Бул келишим бекитилер алдында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун эксперттери тарабынан каралып чыккан. Алар оң баа беришти. Аскар Акаев буга чейин текшербей, мамлекеттик комиссияга ишенип, элден кечирим сураганын кемчилик деп эсептеп келген», – деди Бекболот Талгарбеков.


Ал белгилегендей, кылмыш ишин тергөө учурунда Аскар Акаевге кандайдыр бир суроолор жаралса, ал кайрадан күбө катары суракка чакырылышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн