Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

«Кумтөр Голд Компани» кенди иштетүүгө инвестиция тартууну көздөп жатат

17.10.2023 16:46
656
«Кумтөр Голд Компани» кенди иштетүүгө инвестиция тартууну көздөп жатат


«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги инвестиция тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу ЖКнын Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.


«Биз компаниянын ички өнүгүүсүнө гана таянгыбыз келбейт. Биз инвестиция тартууну ойлонуп жатабыз. Азыр жер астынан казуунун ыкмасы иштелип жатат, калдыктарды сактоочу жайды кайра иштетүү керек. Биз бул багытта эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыктык”, - деди Алмаз Барыктабасов.


Ал белгилегендей, "Кумтөр" Кыргызстанга өткөндөн кийин биздин адистер ишти аткара алабы, алар барбы деген суроолор жаралган.


«Адистер бар, башка өлкөлөр аларды дароо алып кетүүгө даяр. 30 жылдан ашык убакытта алар жетиштүү тажрыйбага ээ болушту. Ошондуктан, биз азыр 1995-жылы курулган фабрикага гана ишенип отура бербей, алтынды иштетүүнүн жаңы ыкмаларын, технологияларын издеп жатабыз», - дейт Алмаз Барыктабасов.


Белгилей кетсек, 2022-жылдын июль айында Кыргызстан "Кумтөр" алтын кенин канадалык Centerra Gold компаниясынан республикага өткөрүп берүү процесси биротоло аяктаганын жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн