Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

“Кумтөр Голд Компани” менен “Метсо” кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

20.06.2024 15:25
1046
“Кумтөр Голд Компани” менен “Метсо” кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту


"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов менен Финляндиянын "Метсо" компаниясынын президенти Маркку Терасвасара "Кумтөр Голд Компани" ишканасын алтынды жоопкерчиликтүү казып алуунун улуттук платформасы катары өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Компаниядан билдиришкендей, меморандум "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому менен "Метсо" компаниясынын ортосундагы КГКнын стратегиялык долбоорлорун ишке ашырууга жана жалпы эле Кыргызстандын металлургия тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Негизги көңүл калдыктарды кайра иштетүүдө жана татаал рудалардан алтын алууда экологиялык таза көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн технологиялык процесстерди жана ыкмаларды жакшыртуу, модернизациялоо маселелерине бурулду.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, компаниялар ортосундагы бул кызматташтык тоо-кен тармагындагы экологиялык жактан коопсуз жана келечектүү долбоорлорду өнүктүрүп, жакшыртууга багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн