Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кумтөр Ош облустук кан борборуна электр генераторун алып берди

30.08.2022 11:57
607
Кумтөр Ош облустук кан борборуна электр генераторун алып берди

Ош облустук кан борбору электр генератору менен камсыз болду

Ош облустук кан борбору жаңы электр генератору менен камсыз болду. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусундагы координатору жана медицина кызматкерлери катышты.  Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, жаңы алынган электр генератору аркылуу Ош облустук кан борборундагы көйгөйлүү маселелердин бири чечилди. Буга чейин электр жарыгы узак убакытка өчүп калган маалда (6-8 саат), кан жана анын компоненттери сакталган төмөнкү температурадагы камералык түзүлүштөрдүн блокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуу генераторду сатып алуу муктаждыгы пайда болгон..


Электр генераторун “Кумтөр Голд Компани” ААК тарабынан алынып берилди, кубатуулугу 100 кВт. Ош облустук кан борбору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкын тейлейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн