Мурдагы вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Биринчи Май райондук сотундагы соттук отурумга келген жок. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Алмазбек Баатырбеков Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталууда. Анын жактоочусу соттук отурумга эмне үчүн келбегенин билбей турганын белгиледи. Сот Баатырбеков сотко келбегенине жүйөлүү себеп болушу керектигин билдирди.
Жактоочу Баатырбеков эрте менен үйүнөн чыкканын жакындары айтканын сотко билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн